Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандагы банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, шайлоо учурунда электрондук капчыктар аркылуу жарандардын добуштарын сатып алуу коркунучуна каршы күрөшүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Айдана Жупуева «Маралдын» түз эфиринде айтты.

Жолугушууга мамлекеттик жана коммерциялык банктардын, Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү катышты. БШК талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүү жана сарптоо боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн топ түздү. 

Мекеме автоматташтырылган тутум аркылуу шайлоо фонддорунун эсептериндеги акча каражаттарынын ар бир жөнөтүүчүсүн жана алуучусун идентификациялайт. 

Өнөктүк учурунда шайлоо фонддорунун атайын эсептеринен тышкары пайдаланылуучу, эсепке алынбаган «көмүскө» акча каражаттарын (накталай жана накталай эмес түрдө) пайдалануу төлөм терминалдары аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Электрондук капчыктар аркылуу шайлоочулардын добуштарын сатып алуу учурларын аныктоо боюнча төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

-15-ноябрдан 28-ноябрга чейин жана шайлоодон кийин (2021-жылдын 29-ноябрынан 18-декабрына чейин) банк төлөмдөрүнө, банк мекемелеринин жана мобилдик байланыш операторлорунун, төлөм тутумдарынын мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрүнө байкоо жүргүзүлөт;

-кыска убакыттын ичинде бир жерден бирдей суммада кайталанган транзакциялар же бир нече күн бою мезгил-мезгили менен кайталанган бирдей суммалар күмөндүү төлөмдөр деп эсептелет.

Жазык кодексине ылайык:

— шайлоо фонддорунан тышкары каражаттарды пайдалануу жазык болуп саналат. Бул талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу үчүн негиз болот;

—  шайлоочулардын добуштарын сатып алуу кылмыш болуп эсептелет, анын алкагында 260 миң сомго чейин айып пул салынып же 2 жыл 6 айга чейин эркиндигинен ажыратылат.  

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *