Кыргызстанда быйылкы окуу жылы 15-сентябрда салттуу режимде баштала турган болду. Адаттагыдай эле окуу жылы жакындаган мезгилде мектептерде «оңдоо иштери», «китеп алуу» жана башка шылтоолор менен акча чогултуу да күч алат.

 

«Марал» радиосуна Бишкектеги окуучулардын биринин апасы кайрылып, мектеп жетекчилиги «электрондук күндөлүк» колдонуу үчүн 270 сом талап кылып жатышканын билдирди.

 

Анын айтымында, ата-энелердин WhatsAppˈтагы тобуна: «Сентябрдан тарта «электрондук күндөлүк» мурдагыдай иштей берет. 2021-2022-окуу жылынан тарта «электрондук күндөлүк» үчүн акы алына баштайт. Бир баладан жылына 270 сом алынат. Акча төлөнбөсө, система иштебейт», — деген кат жөнөткөн.

 

Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылдык. Министрликтин санариптик трансформациялоо секторунун башчысы Расул Маматов учурда өлкө боюнча мектептерде «электрондук күндөлүк» системасын бир нече жеке компания иштетип жатканын маалымдады.

 

Анын белгилешинче, «мектеп администрациясы каршылык көрсөтпөсө, ата-энелер акысын ыктыярдуу төлөп бере алса жана жеке маалыматтардын коопсуздугуна кепилдик берилсе гана иш жүргүзүлөт» деген чечим менен компаниялардын иштөөсүнө уруксат берилген. Бирок айрым мектептерде мыйзамсыз акча чогултууларга жол ачылып, ата-энелердин нааразычылыгын жараткандыктан, 2020-жылы министрлик «электрондук күндөлүктөргө» «бирдиктүү талап» иштеп чыккан. Анда «жеке маалыматтардын коопсуздугуна ылайык, система акысыз иштеши керек. Компаниялар акчасын жарнамалар аркылуу табышы керек» деген шарттар коюлуп, маалыматтык системага кандай жарнамаларды жайгаштырууга болору белгиленген.

 

Белгилей кетсек, 2020-жылы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Билим берүү жана илим министрлиги үчүн «Санарип мектеп» маалыматтык системасын иштеп чыккан. Аны учурда 70 мектеп колдонуп жатат. 2021-2022-окуу жылында бул системаны 300 мектепке, кийинки жылы 700 мектепке киргизүү пландалган. Ошол эле учурда маалыматтык система мектеп үчүн да, ата-энелер үчүн да акысыз болот.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *