17 684 ишкер электрондук эсеп-фактураны колдонот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
«2020-жылдын 1-июлунан тарта ишкерлерге жалпы жүгүртүүнүн көлөмү 1 триллион 701,9 миллиард сомду түзгөн 10,5 миллион электрондук эсеп-фактуралар берилген. Электрондук эсеп-фактуралар инструментке айланып баратат, аларды туура колдонуу көмүскө экономиканын көлөмүн олуттуу кыскартууга, демек, республикалык бюджеттин кирешелерин олуттуу көбөйтүүгө максималдуу таасирин тийгизет.
Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды киргизүүдөн улам КНСтин түшүүлөрү акырындык менен көбөйө баштаганын белгилейт, бул рыноктун көмүскө бөлүгү кыскара баштаганынан кабар берет. 2021-жылы КНСтин түшүүсү 40,1 миллиард сомду түзсө, 2020-жылы бул сумма 28,1 миллиард сомду түзгөн.