Электр энергиясынын жаңы тарифтик баасы бекитилди. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди.

 

Айтылган тариф Министрлер кабинетинин 30-сентябрдагы токтомдоруна ылайык, 15-октябрдан тарта иштеп баштаган. Буга байланыштуу жалпы керектөөчүлөр үчүн энергия акысы төмөнкү тартипте белгиленди:

 

турак үйлөрдүн ээлери светти 700 кВт саатка чейин 77 тыйындан, ал эми андан ашкан учурда 2 сом 16 тыйындан төлөйт;

шарты катаал, бийик тоолуу аймактарда жашаган калк бардык учурда 77 тыйындан төлөйт (атайын шарттар эске алынып, керектөө ченеми белгиленген жок);

калкка таза суу жана сугат суу чыгарган насостук станциялар, скважиналар, ошондой эле канализациялык чарбалар салыктарды эске албаганда 1 сом 9 тыйындан төлөйт;

электр транспорту, интернат тибиндеги жатак окуу жайлар, майыптар, карылар үйлөрү, социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелердин, диний уюмдардын имараттары үчүн салыктарды эске албаганда 1 сом 68 тыйындан төлөнөт:

өнөр жай, айыл чарба имараттары, бюджеттик мекемелердин имараттары үчүн салыктарды эске албаганда 2 сом 52 тыйындан төлөнөт;

Майнинг (криптовалюта) субъекттери, алтын кен өнөр жай ишканалары (алтын өндүрүүчү фабрикалар), алкоголдук продукцияларды өндүргөн ишканалар салыктарды эске албаганда 5 сом 4 тыйындан төлөйт;

Куючу, эритүүчү цехтер салыктарды эске албаганда 3 сом 78 тыйындан төлөйт;

Цемент заводдору 3 сом 28 тыйындан төлөйт;

Ошол эле учурда ысык суу жана жылуулукка болгон төлөмдөр да төмөнкү тартипте белгиленди:

 

Жалпы калк үчүн:

жылуулук энергиясына болгон тарифтер азыркы деңгээлде 1,134,76 сом/Гкал өлчөмүндө сакталат;

ысык суу менен камсыздоонун тарифтери 981,76 сом/Гкал өлчөмүндө азыркы деңгээлде сакталат.

 

Башка керектөөчүлөр тобу үчүн:

жылуулук энергиясына болгон тариф 1 802 сом/Гкалды түзөт (салыктарды эске албаганда);

ысык суу менен камсыздоонун тарифи 1 802 сом/Гкалды түзөт (салыктарды эске албаганда).

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *