Элдин ишеними мен үчүн аманат! Ар бириңиздерге чооң рахмат, буйруса иштей турган убакыт келди! Бул тууралуу Эльдар Сулайманов өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.

Айтымында шайлоодо ишеним көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, ага берилген добуштар аманат экенин эске алып иштей турган убакыт келгенин билдирди.

«Кымбаттуу мекендештер! 2021-жылдын 28-нобярындагы болуп өткөн КРнын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылыштагы депутаттыка шайлоодо мени колдоп, ишенич менен добуш бергениңиздерге терең ыраазычылык билдирем! Сиздердин ишенимиңиздер менен мен Жогорку Кеңешке депутат болууга жетиштүү добуш алдым. Бул добуштар шайлоочулар тарабынан мага берилген ишеними деп эсептейм.

Мени колдоп, бир ай бою эмгек өтөгөн командама жана мени куттуктап жакшы каалоо-тилектерин жазып аткандарыңыздарга чооң рахмат айтам.Мен элимдин ишенимин актаганга жана мекен үчүн кызмат кылам. Элдин ишеними мен үчүн аманат!!!

Ар бириңиздерге чооң рахмат, буйруса иштей турган убакыт келди!»

Эске салсак Эльдар Сулайманов «Ата-журт Кыргызстан» саясий партиясынын катышып шайлоодо утуп чыккан.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *