Мен чет өлкөдөн алган билимимди, топтогон тажрыйбамды мекенимдин пайдасына иштетким келет деди Эльдар Сулайманов.. Бул тууралу ал өзү майдан.kg. гезитине берген маеги учурунда билдирген.

— Эльдар мырза, чоң саясата аттанып жатасыз, көздөгөн максатыңыз эмне?

— Саясатка аттанып жатканымдын биринчи себеби, баарыбыз учурда кандай жаңы тенденциялар, кандай жаңы өзгөрүүлөр орун алып жатканына күбө болуудабыз. Шайлоо системасы да жакшы жагына өзгөрдү. Эми мурдагыдай бүтүндөй партияга добуш бербей, арасындагы ар бир талапкерди да тандай алабыз. Мен муну элге, эл үчүн иштейм деген инсандарга берилген чоң мүмкүнчүлүк катары кабыл алдым. Өзүм шайлоо иштерине аралашып жүрүп көрүп атам, бир да административдик ресурс колдонулбай, адамдардын да аң-сезимине шайлоону таза өткєрүү керек деген түшүнүк сиңе баштады. Ушунун баары чындап эле Кыргызстаныбыз өсөт, өнүгөт экен деген үмүттү жаратты. Мен чет єлкєдєн алган билимимди, топтогон тажрыйбамды мекенимдин пайдасына иштетким келет. Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасынан байкап жүрөм, өнүккөн өлкөлөр алгач биз сыяктуу акырындан реформаларды баштап, андан кийин даңгыр жолго түшкөн. Биринчи кезекте, биз Жогорку Кеңештин имиджин өзгєртүшүбүз керек. Акыркы жылдары кадыр-баркы аябай эле кетип калды. Жаңы муун келсе, ишти башкача алып барабыз деп ойлойм. Иштебеген мыйзам, нормаларды жокко чыгарып, сабаттуу, сапаттуу, элдин кызыкчылыгын карманган мыйзам чыгаруу менен гана алектенсек, Кыргызстан өнүгөт. Азыр парламенттик функциясы бир аз башкачараак болуп кетти, биз ал кемчиликти жоюшубуз керек. Жогорку Кеңештин имиджи көтөрүлсө, жалпы Кыргызстандыкы көтөрүлөт.

— Бүгүнкү күндө кыргыз саясаты жаңылануу алдында турат. Сизден кандай жаңылануу күтсөк болот?

— Жаңылануу – мен жогоруда айтканымдай, Кыргызстандын имиджин көтөрүү. Бул абдан маанилүү нерсе, бирок көбү көңүл бура бербейт. Менимче, жаңылануу үчүн Грузиянын тажрыйбасына салып, биринчи имиджди өзгөртүүнүн үстүндө иштөө керек. Мен ал өлкөгө барганымда кандайча өнүгүштү деген суроонун тегерегинде баам салып кєрдүм. Туристтер тынбай каттап, көз жоосун алган имараттар, ишканалар курулуптур. Буга кантип жетишишти? Мурдагы президенти Саакашвилинин өлкө имиджине өзгөчө маани бергени үчүн. Биз да ошондой кылсак, Кыргызстан туура жолго түшөт деп ойлойм. Өлкөбүздө революция кєп болду, Кыргызстан дегенде башка єлкєлїктєр революцияны тїшїнїп калгандай чекке жеттик. Ошол түшүнүктү өзгөртүүгө тийишпиз. Ал боюнча программа жазып жатам, командабыз иштеп жатат. Буйруса, жакын арада концепцияларын презентация кылууга даярмын.

 — Талапкер катары аттандыңыз, өлкөдөгү орчундуу маселе катары кайсы маселелерди көрүп жатасыз?

— Кыргызстанда маселелер абдан көп, алардын арасынан учурда курч тургандардын бири деп электр энергиядагы көйгөйдү айтат элем. Бир гана бизде эмес, дүйнө жүзү ушул маселе менен алышууда. Менин оюмча, мында башкача кадам жасашыбыз керек, ал – жаңылануучу энергия. Энергетикалык кризиси бизге чейин Европага жеткен. Алардын тажрыйбасын алып, кантип чечип жатканын байкаштырып, дүйнөлүк тенденцияны талдап, энергетикалык кризистен чыгуунун жолун издөөгө тийишпиз. Ал үчүн тиешелүү мыйзам, нормалар керек болот. Аларды карап чыгып, жаңылануучу энергия боюнча инвестиция кылабыз деген инвесторлорго максималдуу шарт түзүп беришибиз кажет. Дагы бир маселе – экология. Бишкекте абал кандай болуп жатканын билебиз. Жылдан жылга суу азайып баратат, бул дүйнөлүк тенденция. Мындан ары көбөйбөйт, азайып гана жүрүп отурат. Иликтөөлөргө караганда, 2050-жылы таза суу абдан аз калат. Ошондуктан, таза сууну үнөмдөп, натыйжалуу пайдалануунун жолдорун табышыбыз керек. Ушул эки глобалдуу маселени чечүү зарыл.

— Ушул маселелерди чечүүнүн кандай жолдорун сунуштайсыз?

— Жолдору көп. Жеке кєз карашым менен алганда, биз коркпой эле чет өлкөдөн, мисалы Грузиядан, Батыштан эксперттерди, кеңешчилерди чакырып, биргеликте программаларды жазуу керек. Мисалы, бизнес ачып жатканда бизнес-долбоор жазылат эмеспи, ал бир гана насыя алыш үчүн эмес, өзүң үчүн — ишти кайсы багытта алып кетесиң, кантип бутуна тургузасың – билиш үчүн жазылат. Кыргызстанды өнүктүрүүгө да ушундай план керек. Кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү кылып, бардык багыттарды камтуу зарыл. Анан ошону аткарып, анын жетегинде кете берсек, жакшы жыйынтыкка жетишмекпиз. Биз ар кайсы маселеде өрттү өчүрүп иштейбиз. Ошол өрттүн алдын алуу боюнча иш аракеттер жок. Эми мындай кемчиликтерди жоюп, кайсы бир маселени алдын ала иликтеп, аны болтурбай коюуну колго алууга убакыт келди. Ошондо, ресурстарды натыйжалуу колдонмокпуз.

— Шайлоочуларга, тарапташтарыўызга талапкер катары кайрылууңуз?

— Жакында Чоң-Алай эли менен жолугушуп келдик. Жергиликтүү калк биздин программага ишенимин артышып, колдой турганын билдиришти. Кыргызстан жаңы барактан башталып жатат, ушул жылдын январь айындагы президенттик шайлоо таза өткөнүнө баарыбыз күбө болдук. Эми парламенттик шайлоо да таза өтөт, анткени ал үчүн бүт шарттар түзүлдү. Шайлоочуларды мамлекет тагдырына кайдыгер болбой, шайлоого келип, туура тандоо жасоого чакырам. Биздин “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы, анын ичинде мен кыргыз элине кызмат кылууга даярбыз! Жаңы көз караш менен жаңы долбоорлорду ишке ашырабыз. Буйруса, берген убадаларыбызды аткарабыз! Жаңыча көз караштагы жаш талапкер. Демилгечил, жигердүү, билимдүү жигит.

Элдар Сулаймановдун адистик жана адамдык образы ушундай ачылды. Коом бүгүн билимдүү адистерге таңсык болуп турат. Кыргызстан жаңылануусу керек, эскилердин ордун жаңылар алмаштырышы керек деген көз караштар көп. Ал көз караштарга Элдар Сулаймановдун талапкерлиги туура келет. Жаштар, билимдүүлөр, алысты көрө билген, демилгени көтөргөн жана аткарган акылдуулар керек дедик беле, анда сиз колдой турган талапкер

– Элдар Сулайманов. Эч кандай интригага аралашпаган, коррупциялык өтмүшү жок таза инсан. Кыргызстанды жаңылагыбыз келсе, сабаттуу мыйзамдардын жазылышын кааласак, Элдар Сулаймановду колдойлу!

Булак: Майдан.kg гезити

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *