Сиздердин үмүттөрүңүздөрдү жана ишенимиңиздерди жерде калтырбайм деп билдирди «Ата-журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери Эльдар Сулайманов. Бул тууралуу ал 9-ноябрь Чон-Алай районунун Кашка-Суу айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

» Сиздердин колдооңуздар жана ак батаңыздар менин келечегиме кен жол ачат деп ишенем. Ошондуктан да алгачкы угут иштеримди айылымдан баштоону туура кордум. Элимдин колдоосу куч. Ак ниеттен айткан акыл-насааттарыңыздар жана ишенимиңиздер мага чоң дем берди.Кудайым буйруп, Жогорку Кенешке депутат болуп барып калсам, сиздердин үмүттөрүңүздөрдү жана ишенимиңиздерди жерде калтырбайм. Андыктан «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясын, анын ичинде мени колдоп аткандарыңыздарга терең ыраазычылыгымы билдирем!
Колдоонуздарга чооң рахмат», — деп билдирди!

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундары Эльдар Сулаймановдун Кашка-Суу айылына буга чейин чечилбей келе жаткан ичүүчү таза суу маселесин чечип бергенине ыраазычылык билдирди!

Шайлоочулар жаш талапкерге ак жол тилеп, аксакалдар ак батасын беришип, бир добуштан шайлап берерин билдиришти.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *