Бугунку куну шайлоого аттанып, элдин таразасына тушуп, саясий ат чабышка чыккандардын арасында Сулайманов Эльдар Нурланович бар.

Эльдар ар бир Чон-Алайлык жакшы тааныган Сулаймановдордун уйбулосунон.

Эл учун коптогон жылдары кызмат кылып, элдин сыйына татыган Чолпонбай Сулаймановду кимдер билбейт. Дал Чолпонбайдай аталарыбыз бар болгнону учун – биздин Чон-Алай району бар экендигин эч ким тана албаса керек.

 Ал эми Эльдардын атасы – Нурлан Сулайманов да биздин аймак учун белгилуу инсан. Анын аты аталганда, алыскы аймагыбызга келген жолду, нечендеген курулган мостторду, башка объектилерди ойлойбуз. Бугун да Нурлан акебиз Чон-Алайдын ишенген эр азаматтарынын топ алдында, журт башында.

«Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесине кирип, шайлоого аттанган Сулаймановдордун учунчу муундагы окулу – Эльдар мырзага бир канча собол бердик.

 

— Эльдар мырза, шайлоого катышканга бел байлапсыз, мындай чечимге келгенинизге эмне себеп болду?

Мен мына шайлоо оноктугу башталгандан бери кайсы жерде болбосун, эл алдына чыгып, дал ушул силер берген суроого жооп берип келе жатамын.

Эн оболу  Кыргызстанга кызмат кылууга мумкунчулугум бар, билимим, тажрыйбам жетиштуу деген озумдогу ишеним бар экендиги – башкы себеп.

Экинчиден, аз  болсо да, Ош шаардык кенешиндеги  ишмердуулугум, депутаттык мандаттын жоопкерчилигин сезуу.

Андан сон,  жалпы жаштарга артылып жаткан  элдин бугунку кундогу умуту. Эгерде тактап карасаныздар, «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде жаштарга коп орун берилген.

Муну мен мезгилдин талабы деп тушуном. 30 жылдык эгемендуу тарыхында Кыргызстан кандай гана сыноолорду башынан откоргон жок.          Улуу муундар аракет кылып, колдон келишинче мамлекеттуулукту туптоп келди.

Президентибиз баш болуп, жаштарга кезек берели деген пикирди билдирип жатышат. Мен да жаш талапкер катары айтаарым – бугун биздин муун озунун билимин, озунун жаштык демин, дилгир аракетин элге кызмат кылганга жумшаш керек.

-Эльдар мырза, Чон-Алай Сиз учун чоочун жер эмес болуш керек, Сиз озунузду ушул жердин кулунумун деп эсептейсизби?

Чон-Алай жергеси менин кичи мекеним деп билемин, менин чон атамдын, атамдын киндик каны тамган жер, менин туугандарым, жакындарым жашаган жер. Шаарда торолсом да, кайдансын деген суроого дайыма – Чон-Алайдан деп токтоосуз жооп беремин.

Атамды, маркум чон атамды эл урматтап, сыйлап, эмгегин баалап келгени мен учун чон сыймык. Бул сезим мага дем берип,  алга суроп турган кез.

Сиздерге белгилуу болуш керек, кичи мекенибизде биздин коптогон долбоорлорубуз бар, бир канча жумушчу орундар тузгонбуз, ошондуктан мен байма-бай келип, эл-журт, туугандар, досторум менен баарлашып, учурашып турамын.

— Дал ошол Чон-Алайдагы ишмердуулугунуз жонундо кененирээк айта кетсениз….

Бир топ жылдан бери бизнесте аркеттенип келе жатамын, Бишкекте, Ошто ар кандай багыттарда ишмердуулук жургузгон компанияларыбыз бар. Кыргыз-орус славян университетин аяктаганмын, ошол мезгилден баштап эле бизнес жургузуудогу ишмердуулуктун негиздерин уйронуп, терен билим алганга аракет кылдым.

Бирок, дал ушул Чон-Алай аймагында биздин приоритеттуу багытта иштеген компанияларыбыз бар. Биздин демилге менен жонотулуп, Европанын авторитеттуу лабораторияларында эн мыкты сапаттагы суу деп табылган Кашка Суунун боюна завод куруп, бир топ жердештерге жумушчу орун туздук. Памир суусун Кыргызстанда, айрыкча туштукто билбеген киши жок болсо керек. Жакында мына дагы ошол жерге инвестиция тартып, айнек идиште суу чыгарууну коздоп жатабыз. Бул Кыргызстан учун да чон жанылык болуп калмакчы, биздин жердин-суунун мыкты рекламасы болот деп ишенемин.

Кашка-Суу айылына таза сууну жеткирип берууну убада кылдык эле, мына, эл сатып ичкен сууну Кашка Суулуктардын уйуно компаниянын кучу менен бекер жеткирип бердик,  албетте элдин жардамы, жергиликтуу бийликтин катышуусу менен. Кыргыз-Чех суу компаниясы буюрса, жаны бийктиткрди багынтат деп мен ишендире аламын жердештеримди.

Озунуздор билесиздер, жаны кайрак жерди оздоштуруу учун 7 км. узундуктагы канал курулуп,  жаны жерлерди оздоштурдук, картошка ондуруунун мумкун болгон жаны техноолгияларын колодонуудабыз. Бугунку кундо «Чон-Алай экопродукт» деген компанияны, анын продукциясын коп жерлерде билишет. Бишкектеги эн чон «Фрунзе» сыяктуу маркеттерде биздин ондургон продукция сатылды. Сезондук иштерге канчалаган мекенедештерибизге жумуш болуп калууда. Мыкты, европалык стандарттагы картофелехранилище курдук.

 Бул социалдык мааниси бар бизнестер – тоодогу жайгашкан элдин, жердин койгойу камтылган, региондорду онуктуруу деген аракеттердин бир формасы деп билебиз.

— Эльдар мырза, депутат болуп калсаныз, ишмердуулукту эмнеден баштайсыз?

Албетте, депутаттын биринчи кезектеги милдети – сапаттуу мыйзам чыгаруу, мыйзамдын аткарылышын козомолдоо. Буюрса, бул багыттагы ишмердуулукто мен шайлоочуларымды уят кылбаймын деп ойлоймун.

Аны менен биргеликте, мени шайлаган шайлоочулардын, анын ичинде Чон-Алайдын, бул жердеги айылдардын койгойун чечип, бул жерде жашаган касиеттуу элибиздин  кызыкчылыгында иш алып баруу да мен учун эн маанилуу маселе бойдон кала бермекчи.

Билимим, энергиям, тажрыйбам жетиштуу деп ишендире аламын.  Албетте, баарын чечип берем деген убаданы бере албаймын, бирок бир да маселени коз жаздымда калтырбай, чечкенге аракет кылам деп ишендире аламын.

Дал бекем ишеним менен ушул чон компанияга аттандым. Элим колдосо – чын ниетим менен иштеп беремин.  

-Эльдар мырза, берген жоопторунузга рахмат, Сизге ийгилик каалайбыз!

(Алынган маек сайттын көз карашын билдирбейт.)

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *