Экс депутат, Экс-Транспорт министри Нурлан Сулаймановдун уулу Эльдар Сулайманов быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен барат. Бул маалыматты ал өзү тастыктады.

 

Ош шаардык кеңешинин депутаты жеке ишкер, Эльдар Сулайманов, 36 жашта, «Кыргыз-Кытай биргелешкен корпорациясынын» директору. Эльдар Сулайманов тууралуу маалымат аз болгондуктан. Буга чейин эле парламенттик шайлоого атасы Нурлан Сулайманов барары тууралуу эл арасында айтылып жүргөн. Нурлан Сулайманов былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясы менен алдыңкы талапкердин катарында барган. Быйыл уулу Эльдар Сулайманов болсо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан 30 тизмеде бара жатат.

 

Эске салсак 10-октябрда «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы съезд өткөрүп, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмесин тактаган.

Тизмеден белгилүү болгондой, алдыңкы бештикке партиянын лидери Айбек Маткеримов, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, мурдагы вице-премьер-министр Равшан Сабиров, Өкмөттүн алдындагы Сот өкүлчүлүгү борборунун директорунун мурдагы орун басары Жамиля Исаева, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов киргизилген.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *