Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого карата эл аралык байкоочуларды каттоону баштады. Боршайкомдун маалыматына караганда, 7-сентябрдагы отурумда эл аралык уюмдардын 25 байкоочусу расмий каттоого алынды.

Алардын 18и Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан (ДИАУБ), бешөө Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинен (КМШ), экөө Молдованын Боршайкомунан катталды.

Ал эми жергиликтүү байкоочулар, 8-сентябрга карата маалыматка караганда, тогуз коомдук уюмдан катталды. Алар: «Жалпы иш», «Таза Шайлоо», «Билоу», «Майыптарга юридикалык жардам берүү», «Майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо комитети», «Мир – свет культуры», «Эгль», «Келечекке жол» жана «Кыргызстандын юридикалык коому» уюмдары.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

Булак: t-media.kg

0

Автор публикации

не в сети 2 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *