Кыргыз эл жазуучусу, драматург, публицист, киносценарист, изилдөөчү, кино жана театр режиссёру Мар Байжиев 86 жашында дүйнөдөн өттү. Кабарды Кыргыз улуттук жазуучулар союзу угузду.

Мар Байжиев 1935-жылы Жалал-Абад шаарында туулган (түп мекени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району). 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн. 1961-жылы СССР Кинематографисттер союзуна, 1966-жылы Кыргыз ССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.

1962-1964-жылдары Москвадагы сценарийчилердин жогорку мектебин аяктаган. Окуу менен бирге «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор болуп иштеген.

1964-1971-жылдары Маданият министрлигинин репертуардык кеңешмесинде башкы редактор, 1971-1975-жылдары «Литературная газетанын» Кыргызстандагы кабарчысы кызматтарын аркалаган.

Эгемендик жылдардын башталышында Жогорку Кеңештин (легендарлуу парламенттин) эл депутаты: маданият, эл агартуу, мамлекеттик тил жана туризм боюнча комитеттин төрагасы, эгемендиктен кийин «Седеп» фондунун президенти болгон.

Мар Байжиевдин адабияттагы өзгөчөлүгү катары анын эки тилде (кыргыз, орус) бирдей жаза билгенин, ошол эле учурда драматургияны да, прозаны да, котормону да, сынчылыкты да, режиссёрлукту да чогуу ала жүргөнүн белгилешет. Адабияттагы алгачкы кадамы 1961-жылы жарык көргөн «Кара курт» сатиралык аңгемелер жыйнагынан башталган.

Ал драматург катары «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Төрт адам» (алгачкы аталышы «Эрөөл»), «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд», «Байыркы жомок» жана башка бир катар драмаларды жазып, прозаик катары «Чыйыр», «Адашкан адам», «Мезгил барактары» өңдүү аңгемелер, повесттер, киноповесттер жыйнагын басмадан чыгарган.

Мар Байжиев жазган сценарийдин негизинде «Кыргызфильм» киностудиясы «Ак илбирстин тукуму» («Кожожаш»), «Алтын күз», «Нокдаун»; «Өзбекфильм» киностудиясы «Бөтөн бакыт», «Нөшөр»; «Казактелефильм» студиясы «Жаңы жыл алдындагы түн» толук метраждуу көркөм тасмаларды тарткан. Мындан тышкары автордун аңгеме, повесттеринин негизинде да бир нече тасмалар тартылган.

Мар Байжиев кыргыз акын-жазуучуларын орус тилдүү калкка тааныштырууда, айрыкча «Манас» эпосунун орус тилиндеги котормосун даярдоодо өзгөчө эмгек сиңирген.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *