6-декабрдан 9-декабрга чейин адвокат болуп иштөөгө 142 талапкер Юстиция министрлигинде квалификациялык экзамен тапшырат.

Мындай чечим Юстиция министрлигинин алдындагы Квалификациялык комиссиянын жыйналышында кабыл алынган, анда талапкерлердин ушул жылдын январынан апрель айына чейин тапшырылган документтери каралган.

Тартипке ылайык, экзамен компьютерде тестирлөө формасында өтөт.

Сынакта 110 суроо бар, 70тен ашык суроого туура жооп берген талапкер квалификациялык экзаменден өттү деп эсептелет.

Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамдарга комиссия Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия берет. Экзаменден өтпөй калгандар алты айдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин экзаменди кайрадан тапшырса болот.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *