Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ага кийлигишпөөсүнө тийиштүү билдирүү жасады.

Төмөндө Акылбек Жапаровдун билдирүүсү толугу менен берилет:

“Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги жана  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу 59 факты катталган.

Анын ичинен 29у шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам чара көрүүчү Координациялык тобуна келип түшкөн (мисалы 2020-жылдын октябрь айында 466 мыйзам бузуу фактысы катталган)», — деп белгледи Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров белгилегендей, үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана президенттин жарлыгы жетиштүү денгээлде аткарылбагандыгына байланыштуу төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

— Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызмат ордунан четтетилди;

— Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды;

Мындан тышкары, Ош шаарындагы студенттердин угүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн:

— Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б.Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан алынды;

— Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Г.Кожобеков кызматтан алынды;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Б.Д. Купешевге, Ош шаарынын мэри А.И.Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

Урматтуу бюджеттен айлык акы алган кызматкерлер жана жетекчилер!

Сиздердин үгүт иш-чараларына катышууңуздардын кереги жок. Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер.

Мен муну Министрлер кабинетинин төрагасы катары талап кылам”, — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

 

 

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *