Кыргызстанда быйыл үй-бүлөлүк зомбулуктун 8405 учуру катталган. Былтыр 6060 учур эсепке алынган. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

«Ички иштер органдары тарабынан үстүбүздөгү жылы 7316 убактылуу коргоо ордерлери берилген, бул өткөн жылдын 7 айына салыштырмалуу 1179 ордерге көп дегенди билдирет. Мында көрсөткүчтөр өсүп жаткандыгы даана көрүнүп турат. Бул көйгөйлөрдүн жана арыздардын көбөйгөндүгүнөн гана эмес, милиция органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын иликтөө аракеттеринин жогорулагандыгынан да кабар берет», — деди Эдил Байсалов.

Ал Министрлер кабинети зомбулуктан жабыркаган аялдардын жана кыздардын кызыкчылыгын коргоого аларына убада кылды. Бул максатта 2022-жылы аялдар кризистик борборлорун каржылоо 3 эсеге көбөйтүлүп, 20 млн сомго чейин жогорулатылат.

Дагы 5 млн сом үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү тууралуу маалымат алууну жогорулатуу боюнча мамлекеттик заказ алкагында, коомдук уюмдар үчүн маалыматтык кампанияга бөлүнөт.

Быйыл кризистик борборлор үчүн 7 млн сом бөлүнгөн.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *