Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 16-июлда тараткан маалыматка ылайык, 327 иш боюнча 459 мамлекеттик кызматкерге кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен төртөө республикалык деңгээлдеги аткаминер, 13ү облустук, 442си шаардык жана райондук деңгээлдеги кызматкер.

Алар мамлекеттин мүлкүнө кол салуу, пара талап кылуу, пара алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, шалаакылык жана башка кылмыштар үчүн айыпталышууда.

Көзөмөл органы маалымдагандай, булардын кылмышы менен 2020-жылдын биринчи жарым жылында мамлекет 172 млрд. 260 млн. сумга (16,8 млн. доллар) зыян тарткан. Анын ичинен 114 млрд. 267 млн. сум (11,1 млн. доллар) мамлекеттин казынасына кайтарылган.

Булак: https://eldik.media/

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *