Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов мамлекетке 100 млн сом которду. Бул тууралуу «Маралга» Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматкери Жоомарт Шайдылдаев тастыктады.

Анын айтымында, акча 29-мартта которулган.

24-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Өмүрбек Бабановго карата сотко чейинки өндүрүш иши токтотулганын кабарлаган. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен 100 миллион сом бермей болгон.

26-марттагы басма сөз жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бабановдун иши боюнча иликтөөлөр эки ай жүргөнүн жана ал эч кимге зыян келтирбегени аныкталганын билдирген.

«Жеке анын эч кимге зыян келтирбегени аныкталды. Аны менен сүйлөштүк, 100 млн сом жардам берди. Ал колунда бар, мүмкүнчүлүгү бар жигит. Жардам берсе, мамлекетке берип жатат да. Ким жардам берсе, биз кабыл ала беребиз, баш тартпайбыз», — деген Ташиев.

 

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *