1-сентябрдан тарта 2022-2023 окуу жылына Орусиянын окуу жайларына акысыз билим алууга документтерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Орусиянын окуу жайларында билим алууну каалагандар 1-ноябрга чейин EDUCATION IN RUSSIA порталына документтерин жүктөп, каттоодон өтүшү керек.

Документтерди тапшыруу эрежелери менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, чет жерде жашаган мекендештердин иштери, эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттиктин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн фейсбуктагы баракчасынан таанышууга болот.

«Орусия өкмөтүнүн окуу жайларга бөлгөн квотасы боюнча бюджеттик орундарга талапкерлерди тандоо Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, чет жерде жашаган мекендештердин иштери, эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттиктин Бишкектеги өкүлчүлүгү тарабынан эч кандай ортомчуларсыз жүргүзүлөт», — деп билдирет элчилик.

Суроолорду abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасына жөнөтүүгө болот.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *