1-10-сентбярда Кыргызстанда COVID-19га каршы жалпы эмдөө акциясы өтөт. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын отурумунда айтылды.

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Жылдыз Бакашованын жетекчилиги алдында өткөн жыйында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, COVAХ программасы жана башка эл аралык долбоорлор аркылуу келе турган вакциналар, эмдөөнүн жүрүшү сыяктуу маселелер каралган.

Отурумда облус башчыларына, Бишкек менен Ош шаарынын мэрлерине санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандарды аныктоо иштерин улантуу, өлкө эгемендигинин 30 жылдыгынын майрамдалышына байланыштуу массалык иш-чаралар өткөрүлгөндүктөн коронавирустан коргонуу чараларынын сакталышын камсыз кылуу тапшырылган.

Ошондой эле Тышкы иштер жана Саламаттыкты сактоо министрлигине COVID-19га каршы вакцинаны акысыз алуу боюнча эл аралык уюмдар менен иш алып баруу тапшырмасы коюлган.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *