Бишкекке Екатеринбургдан 223 КР  жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда 23-июлда «Урал авиа каттамдары» авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты.

Кыргызстанга Екатеринбургдан 223 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.

Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Бул каттам менен Бишкекке Урал федералдык округунда окуган студенттер, Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Ханты-Мансийск, Нижневартовск, Жаңы Уренгойдо жашап, кайтып келүүгө өтө муктаж болгон жарандар (ошондой эле ар кандай илдеттери барлар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, улгайгандар, кош бойлуулар, кичинекей балдары бар аялдар, оор турмушка кептелген жарандар) учуп келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен түзүлдү. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам «Урал авиа каттамдары» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.

Урал федералдык округунда жашап, Мекенине кайтууну каалаган КР жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *