Бүгүн, 10-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 511 учуру катталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ошол эле учурда бир сутка ичинде 81 бейтап ооруканадан чыгарылды.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 80 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1450 учур катталды, алардын ичинен 536 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда 10-июлуна карата COVID-19 вирусун жуктуруу жалпы саны 9 358 ге жетти. Алардын ичинен 3134 адам айыгып, 122 жаран каза болду. Учурда стационарда 643 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 24 бейтап реанимацияда.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *