Кыргызгидромети билдиргендей 10-11-июлдарда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2020-жылдын 10-11-июлуна чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +14 … +19 °C, күндүз +26 … +31 °C;

Таласта түнкүсүн +10 … +15  °C, күндүз +24  … +29 °C;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16 … +21 °C, күндүз +28 … +33 °C;

Алай өрөөнүндө +

Ысык-Көлдө түнкүсүн +7… +12 °C, күндүз +17 … +24 °C

Нарында түнкүсүн +6 … +11 °C , күндүз 17 … 22 °C

Бишкек шаарында 10-июлда түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз жаан жаашы күтүлөт. Абанын табы түнкүсүн  14 … 19 °C градус, күндүз 26 … 31 °C градус болот.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *