Кыргызгидромет маалыматына ылайык, 10-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Чүй облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан, кар, Нарын облусунун айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14;
Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16;
Ош облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;
Нарында облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,
Бишкек шаарында кечке маал жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6 градус, күндүз +13…+15 градус болот.
Ош шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүзү жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…+8, күндүз +13…+15 градус.
Чоң-Алай районунда 10-мартка карата түнкүсүн да күндүзү да кар жаашы күтүлөт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы түштүк-чыгыш 4-9 м/с-га, катуу шамал 15-20 м/с-га жетет
Абанын температурасы түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6 градус болот.