Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун алкагында талапкерлердин тизмеси түзүлө баштайт. Календардык планга ылайык, бир мандаттуу округдардан талапкер 13-октябрга чейин көрсөтүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

 

Бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутаттыкка талапкер көрсөтүү добуш берүү күнүнө 45 календардык күн калганда бүтөт, ал 13-октябрга туш келет.

 

Шайлоо округдарынын схемалары шайлоо күнү дайындалгандан 7 календардык күндөн кечиктирилбестен же 6-сентябрга чейин түзүлөт.

Шайлоо округдарынын тизмелери БШКнын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына округдар бекитилген күндөн тарта 5 календардык күндүн ичинде, башкача айтканда, 10 -сентябрга чейин жарыяланат.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *