13-февралда түнкүсүн жана күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-2, күндүз +10…+15;

Ош облусунда +1…+6, күндүз +13…+18;

Жалал-Абад облусунда +1…+6, күндүз +13…+18;

Баткен облусунда түнкүсүн  +1…+6, күндүз +13…+18;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…+8.

Бишкекте 13-февралда түнкүсүн кар аралаш жаан жааса, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +13…+15.

Ош шаарында 13-февралда түнкүсүн  да күндүзү да жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +16…+18.

Чоң-Алай районунда 13-февральга карата күндүзү тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн кар жаашы күтүлбөйт.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7 градус болот.

12-февралынан 14-февралына аралыгында жаан-чачынга байланыштуу райондордо жана Каракол-Эңилчек унаа жолунда 64-90-чакырымдарында кар көчкү жүрүүсү күтүлөт. Айрым бөлүктөрүндө кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *