Шашылыш билдирүү 2020-жылдын 14-августунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32;
Таласта түнкүсүн +11…+13, күндүз +28…+30;
Ош облусунда түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34;
Баткен облусунда түнкүсүн түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Нарында түнкүсүн +9…+11, күндүз +21…+23.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +29…+31 градус болот.
Чоң-Алай районунда 13-августка карата жаан жаашы күтүлөт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн +0…+5, күндүз +14…+19 градус жылуу болот.