Кыргызгидрометинин маалыматына ылайык 15-июлда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +30…+35;

Ош облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36;

Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26 градус жылуу.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +33…+35.

Кошумча: 15-июлдан 17-июлга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *