19-июлда Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.​

ӨКМ кызматы 18-19-июль күндөрүндөгү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан өткүнгө байланыштуу Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36;

Талас облусунда түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35;

Ош облусунда ​түнкүсүн +20…+22, күндүз +35…+37;

Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн +20…+22, күндүз +35…+37;

Баткен облусунда ​түнкүсүн +20…+22, күндүз +35…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24;

Бишкекте  түнкүсүн +20…+22, күндүз +34…+36 градус болот.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *