Кыргызгидрометинн маалыматына ылайык, Бүгүн, 2-декабрда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда, тоо этектеринде, Жалал-Абад, Нарын облусунун айрым дыйканчалык аймактарында кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Батыш тараптан келген шамалдын алдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5 … -10, күндүз 0 … 2;
Талас облусунда түнкүсүн -6 … -11, күндүз 0 … -5;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 0 … -5, күндүз 4 … 9;
Баткен облусунда түнкүсүн 0 … -5, күндүз 4 … 9;
Ош облусунда түнкүсүн 0 … -5, күндүз 4 … 9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 … -8, күндүз 0 … 5;
Нарын жергесинде түнкүсүн -10 … -15, күндүз 0 … 5;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -8 … -10, күндүз 0 … 2 градус болот.
Чоң-Алай районунда 2-декабрга карата түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүзү күн ачык жаан-чачын жаашы күтүлбөйт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…-9 градус болот.