Бүгүн, 20-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарыда кар жаайт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;
Талас облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;
Ош облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;
Баткен облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -5…-7 градус болот.
Чоң-Алай районунда 20-ноябрга карата түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүзү жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13 градус болот.