Кыргызгидрометинин маалыматына ылайык, 21-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+18, күндүз +27…+29;
Таласта түнкүсүн +10…+12, күндүз +22…+26;
Ош облусунда түнкүсүн +15…+17, күндүз +27…+30;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +15…+17, күндүз +27…+30;
Баткен облусунда түнкүсүн +15…+17, күндүз +27…+30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+22;
Нарында түнкүсүн +8…+10, күндүз +19…+22.
Бишкек шаарында 21-августта жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +28…+30 градус болот.
Чоң-Алай районунда 21-августка карата түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Кундузү жаан жаашы күтүлбөйт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн —0…+5, күндүз +13…+18 градус жылуу болот.