Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы бир жумага карата болжолдуу аба ырайын жарыялады.

Ага ылайык, көпчүлүк аймактарда түнкүсүн жаан жаап, күндүзү ачык болот. Кээ бир жерде күндүз да өткүн өтөт.

Чүй облусу

21-22-23 жана 26-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 24-июнда күн ачык болот. Эртеси, 25-июнда, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Бишкекте 20-26-июнда түнкүсүн жана 25-июнда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган убакта күн ачык болот.

Нарын облусу

20-21-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 22-23-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, бирок күндүз өткүн өтөт. 24-июнда жана 25-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-июнда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт.

Ош облусу

Облустун айрым жерлеринде жума бою өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Өрөөнүндө жана дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Ошондой эле түнкүсүн өткүн өтөрү айтылат.

Жалал-Абад облусу

20-21-22-июнда тоолуу райондордо жаан жаайт. 23-24-июнда жана 25-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-июнда күндүз жана 26-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Баткен облусу 

Баткенде 20-июнда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. 21-24-июнда жана 25-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-июнда күндүз жана 26-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаай турганы айтылды.

Ысык-Көл облусу

20-июндан 24-июнга чейин көп жерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонууда. 25-26-июнда дагы жаанчыл болот. Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында да айрым убакта өткүн өтүп, кайра күн ачылып, кечкисин жаан жаайт.

Талас облусу

20-22-июнда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 25-июнда күндүз жана 26-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Бирок Талас шаарында 26-июнда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *