21-июлда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүзү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +28…+33;
Таласта түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32;
Ош облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35;
Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;
Нарыноблусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;
Бишкекте шаарында абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +31…+33 градус болот. Түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүзү өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн