Кыргызгидрометинин маалыматына ылайык, 23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Кээ бир райондорду туман каптайт. Өлкөнүн бардык тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8 … -13, күндүз -1 … -6 градус;
Талас облусунда түнкүсүн -12 … -17, күндүз -1 … -6;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -5 … -10, күндүз -3 … 2;
Ош облусунда түнкүсүн -5 … -10, күндүз -3 … 2;
Баткен облусунда түнкүсүн -5 … -10, күндүз -3 … 2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4 … -9, күндүз -3 … 2 градуска чейин жылыйт;
Нарын облусунда түнкүсүн -12 … -17, күндүз -1 … -6.
Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы -9 … -11, күндүз -2…-4 градус болот.
Чоң-Алай районунда 23-ноябрга карата түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүзү жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн -12…-17, күндүз -8…-13 градус болот.