23-24-октябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарындын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн.

Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөп:

-Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, түндүгүндө 0…-5° суук, күндүз 3…8° жылуу,

-Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 2…7° жылуу,

-Ош облусунун өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу,

Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу,

Баткен облусунун өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу,

-Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу,

-Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…5° жылуу,

-тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Чоң-Алай районунда 23-октябрга карата түнкүсүн да күндүзү кар жаашы күтүлөт.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы  4-9 м/с-га жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн  -6…-11, күндүз -3…2 градус жылуу болот.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйыдатат.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *