Кыргызгидрометинин маалыматына ылайык, 26-февралга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Тоо этектерине, тоолуу райондорго кар калың түшөт.
Жолдор тайгак болуп, тоңголок тартат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы кескин төмөндөп, түнкүсүн -10-18 градуска чейин суук болоору күтүлөт.
24-февралда түнкүсүн Бишкектен башка бардык аймактарда жаан жаап, кар түшөт. Күндүз Бишкекте да жаан жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда -4…1, күндүз 2…7;
Талас облусунда түнкүсүн -4…1, күндүз 2…7;
Баткен облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8;
Ош облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…1, күндүз 6…11;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…1, күндүз 6…11 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…1°, күндүз 4…6 градус жылуу болот.
Ош шаарында түнкүсүн жаан жаап, кар жаашы күтүлөт, күндүзү жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +5…+7.
Чоң-Алай районунда 24-февральга карата күндүзү да түнкүсүн кар жаашы күтүлөт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы түштүк-чыгыш 4-9 м/с-га жетет, катуу шамал 15-20 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6 градус болот.