24-июлда түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен облустарынын этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +28…+33;
Талас жергесинде түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33;
Ош облусундаа түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;
Баткен облусундаа түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;
Жалал-Абад облусундаа түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +23…+28;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +31…+33 градус жылуу болот.
Алай өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15
Чоң-Алай районунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15 градус жылуу болот. Түнкүсүн да күндүзү да жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
24-28-июль күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Ага байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.