Кыргызгидромети билдиргендей, бүгүн, 27-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан жаайт. Ошондой эле күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12…+14, күндүз +19…+20;
Таласта түнкүсүн +9…+11, күндүз +17…+19;
Ош облусунда түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25;
Баткен облусунда түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+10, күндүз +20…+21;
Нарында түнкүсүн +7…+9, күндүз +17…+19.
Бишкек шаарында 27-августта жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+21 градус болот.
Чоң-Алай районунда 27-августка карата түнкүсүн да күндүзү да жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Кээ бир коркунучтуу аймактарда сел жүруу коркунучу бар. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн —2…+3, күндүз +10…+15 градус жылуу болот.