Кыргызгидромети билдиргендей, бүгүн, 27-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан жаайт. Ошондой эле күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+14, күндүз +19…+20;

Таласта түнкүсүн +9…+11, күндүз +17…+19;

Ош облусунда түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25;

Баткен облусунда түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+10, күндүз +20…+21;

Нарында түнкүсүн +7…+9, күндүз +17…+19.

Бишкек шаарында 27-августта жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+21 градус болот.

Чоң-Алай районунда 27-августка карата түнкүсүн да күндүзү да жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Кээ бир коркунучтуу аймактарда сел жүруу коркунучу бар. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы  4-9 м/с-га жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн —2…+3, күндүз +10…+15 градус жылуу болот.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *