Бүгүн, 27-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаайт. Күндүз өлкө аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1 … -6, күндуз 6 … 11;
Талас облусунда түнкүсүн -3 … -8, күндүз 5 … 10;
Ош облусунда түнкүсүн -1 … -6, күндүз 6 … 11;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -1 … -6, күндүз 6 … 11;
Баткен облусунда түнкүсүн -1 … -6, күндүз 6 … 11;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3 … -8, күндүз 1 … 6;
Нарын облусунда түнкүсүн -11 … -16, күндүз -1 … +4;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4 … -6, күндүз 7 … 9 градус жылуу болот.
Чоң-Алай районунда 27-ноябрга карата түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүзү кар жаашы күтүлөт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с-га жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8 градус болот.