Бүгүн 28-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарында жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8;

Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8;

Ош облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;

Баткен облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;

Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +6…+8 градус.

Чоң-Алай районунда 28-октябрга карата түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт күндүзү жаан жаап, кар жаашы күтүлөт.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы  4-9 м/с-га жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн  -5…-10, күндүз -3…2 градус жылуу болот.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *