Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын негизделгенине 143 жыл болду. Шаар күнүн белгилөө үчүн чоң программадагы иш-чаралар уюштурулбай тургандыгын шаардык мэриянын басма сөз кызматы буга чейин билдирген.

Маалыматка ылайык, борбор калаада эпидкырдаал курч бойдон. Акыркы учурда коронавирус эң көп Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталууда. Мындан улам аталган майрамдарды массалык түрдө белгилөөгө тыюу салынды.

Бир канча жыл мурда шаар күнү 11-майда белгиленип келсе 2014-жылы депутаттар майрамды күз айларына жылдырып салышкан. 2016-жылы маселеге чекит коюлуп, Бишкек шаарынын күнү жыл сайын 29-апрелде белгиленмей болгон.

Эскерте кетсек, майрамдык иш-чаралар пандемияга байланыштуу 2020-жылы да уюштурулган эмес.

 

Булак: maralfm

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *