Кыргызгидрометинин маалыматына ылайык 29-сентябрдан 3-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

29-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт

30-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

29-сентябрда жана 30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-сентябрда күндүз жана 1-октябрда түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

1-октябрда күндүз жана 2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-октябрда күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн.

3-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

29-сентябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жана Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

30-сентябрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

1-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

2-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-сентябрда күндүз жана 30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

29-сентябрда түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн.

29-сентябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

30-сентябрда жана 1-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-октябрда күндүз жана 3-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-сентябрда жана 2-октябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

29-сентябрда жана 30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-сентябрда жана 2-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *