Бүгун, 29-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат.

Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 градус жылуу;

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Ош облусунда ​түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14;

Баткен облусунда ​түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14;

Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 7…9 градус жылуу болот.

Чоң-Алай районунда 29-октябрга карата түнкүсүн да күндүзү да кар жаашы күтүлөт.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн  -5…-10, күндүз -2…3 градус жылуу болот.

0

Автор публикации

не в сети 3 недели

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *