Кыргызгидромети билдиргендей, 3-мартта түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +1…+6;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11;

Ош облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11;

Баткен облусунда ​түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүзү жаан, кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +4…+6 градус.

Ош шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүзү жаан, кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…+4, күндүз +9…+11 градус.

Чоң-Алай районунда 2-мартка карата түнкүсүн да күндүзү  кар жаашы күтүлөт.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы түштүк-чыгыш  4-9 м/с-га жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8 градус болот.

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *