«30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм»-деди Жээнбеков. Бул тууралуу өлкө башчысы  Сооронбай Жээнбеков 25-июлда «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Президенттин айтымында, коронавирустан улам каза болгондорду эскерүү менен аза күтүү күнүнө тиешелүү жарлык жакынкы күндөрдө чыгат.

— Ооба, менин да бул тууралуу ойлорум бар. Айтпай турайын дедим эле, маалымат берип коеюн. 31-июль Курман айт деп жарыяланды. 30-июлду өлкө боюнча жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялайм. Ошол аза күтүү күнүндө каза болгон мекендештерибизге куран окуталы, — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы, дагы бир ирет каза болгон мекендештердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ар бир кыргызстандыктын башына келген кыйынчылык, оор жоготуу жүрөгүндө экендигин белгиледи.

0

Автор публикации

не в сети 1 месяц

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *