Кыргызгидромет билдиргендей, 5-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6;
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;
Ош облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +3…+5 градус.
Ош шаарында түнкүсүн да күндүзү жаан жаап, кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +8…+10 градус.
Чоң-Алай районунда 5-мартка карата түнкүсүн да күндүзү кар жаашы күтүлөт.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы түштүк-чыгыш 4-9 м/с-га, катуу шамал 15-20 м/с-га жетет
Абанын температурасы түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9 градус болот.