“55 жана андан жогорку жаштагы тобокелдик тобундагы жарандар өтө зарылчылык болбосо, үйлөрүнөн чыгып кетпеши керек” деди Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева бүгүн брифингде.
Анын айтымында, күн сайын коронавируска чалдыккандар көбөйүп жатат. Ошондуктан, коомдук жайларга баруу коркунуч жаратууда. Айрыкча, улгайган адамдар үчүн.
Өз кезегинде Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун орун басары Айнагүл Рыскулова борбор калаадагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы жагымсыз деп бааланып жаткандыгын белгиледи. Акыркы суткада коронавирустун 77 учуру катталды. Ошол эле учурда, ал шаардыктар алгачкы клиникалык белгилер пайда болгондо ооруканаларга өз убагында бара башташкандыгын баса белгиледи.