9-сентябрь Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында мугалимдердин педагогикалык кенешмеси болуп өттү. Бул тууралуу райондун администрациясынан кабарлады.

Кенешмеге райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана 100 гө жакын алдынкы мугалимдер жана ардагерлер катышты.

Кеңешменин башында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Абыкеев куттуктоо сөзүн сүйлөп, мугалимдерге сапаттуу билим, таасирдүү тарбия берүүнү жана жаңы окуу жылына карата инновациялык багыттарды сунуш кылды.

Ийгиликтерге жетишкен алдыңкы мугалимдерге Ош облусунун жана райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамоталары», ыраазычылык каты, билим берүү бөлүмүнүн сыйлыктары тапшырылды.

Жыйынтыгында педагогикалык кеңешменин катышуучулары резалюция кабыл алышты. Жаңы окуу жылына карата резалюияда бир топ милдеттер максаттар аныкталды.

«Мугалимдик иш-түйшүкүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш! Мугалим сокурга көз, дүлөйгө кулак, караңгыга чырак, жан дүйнөгө -азык берет. 

Урматтуу мугалимдер, ардактуу кесип ээлери Сиздерге бардык жакшылыктарды каалайбыз.» -деп билдирет маалыматта.

0

Автор публикации

не в сети 2 года

ABS

0
Акыл, макал — экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Комментарии: 0Публикации: 337Регистрация: 16-03-2021
Акыл, макал — экөө бирдей келээр, Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер. Билбеген наадандардын ичи күйөөр, Билген адам ошону Байым кылаар. Көкүрөккө ойлонуп, Дайын кылаар. Билбегендер ошону Айың кылаар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *