Бакиров Салайдин Жаңыбаевич-1969-жылы 28-июлда Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган. 1992-жылы Ош шаарындагы Селхоз техникумунун механика факультетин, 1997-жылы Бишкек шаарындагы Скрябин атындагы экономика факультетин бүтүргөн. 1992-жылы Кашка-Суу совхозунда чыгашалар боюнча адис, 2000-2006-жылдары Ош областындагы Ички иштер бөлүмүнүн Чоң-Алай районундагы ОБХС бълүмүнүн инспектору, 2006-2015-жылдары Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, 2015-2017-жылдары Чоң-Алай райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2017-жылы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келди.
Сыйлыктары:
– 2014-жылы МВД нын 3-даражадагы «Азамат» төш белгиси;
-2015-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин «Мыкты кызматкер» төш белгиси;
-2015-жылы МВДнын «Ардак» төш белгиси;
-2016-жылы Жекенди айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуул» наамы;
-2017-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин «ИИМдин Ардагери» төш белгиси;
-2018-жылы МВДнын «Ардагер» төш белгиси;
-2019-жылы «Кел-кел» журналынын «Эл уулу» төш белгиси;
-2019-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин « Ардак» төш белгиси;
– 2019-жылы Милиция күнүнүн 95 жылдыгына арналган салтанатта Кыргыз Республикасынын Президентинин 10 миң сом акчалай сыйлыгы менен сыйланган.