БАЛДАРДЫН  ӨНҮГҮҮСҮ  ҮЧҮН

Балалык-бул  эң сонун  доор, биринчи  чөйрөнү  көрүү  аркылуу  көнүү, айлананы  таанып-биле  баштоо, анан  ойноого  үйрөнүү,  басууга, сүйлөөгө, окууга уйрънүүсү  негиздүү.  Ата-эне, тарбиячы  баланы  бардык көндүмдөргө үйрөтүүсү  аркылуу  бала  менен  болгон ортодогу  жылуу мамилеге,  ишенимге жетише  алат.  Тарбиялоочулардын бала менен  болгон активдүү  иш  аракеттери  турмуштук  чоң  тажырыйба  жаратууга  алып  келет.

Колдонмодо баланын  акыл-эсин  өстүрүүгө  багытталган оюндар, сүрөттөр,  ыр  саптары камтылган.

 

КИРИШҮҮ

Балдардын  наристе  курагында  айлана-чөйрөнө  таанымы, өзүн жана  курчаган  нерселерди  сезе  билүүсү анын  өнүгүүсүнө  чоң  таасир  тийгизет. Баланы  басууга,  сүйлөөгө, жазууга,  окууга  үйрөткөн  сыяктуу эле  оюнду  ойной  билүүгө  үйрөтүү  башкы  маселе.  Балдар  өзгөчө оюнду  тура  ойноо  аркылуу  жашоого  карай  өзүн  багыттап, керек  болсо  өз  турмушуна  жол ачат.  Баланын  ойногонуна  жараша жашоо шарты  түзүлөөрү  ыктымал. Ал  тургай  оюн  аркылуу  бала  кийинки  жашоосун  элестетип  ойноору  толук  мүмкүн.   Ал  ойноп  жатып  «мен  мынандай  киши  болгонумда, бул  жумушту  жасайм», «мен  чонойгондо  мындай  киши болуп, мындай нерселерди  курамын»  деген  създърдү  къп  айтышат  жана анны  жасай  алчудай сүйлөшөт.  Демек,  бул  сезим  алардын  жан  дүйнөсүндө  оюн  аркылуу  пайда  болуп  ошого  карай  умтулууну  баштоосунун чекити болуп саналат.

Бала айлана-чъйрънү  карап, айырмалап,  талашып, умтулуп, ыйлап, кайталап  дуурап  жасаганы менен ал үч-търт жашка  чейин дээрлик  айырмалоого, билип  алууга мүмкүнчүлүгү  жетишпейт.  Андыктан белгилү куракка  жеткенге чейин  коопсуздукту  сактоо  тарбиялоочунун же  ата-эненин, баланы  багуучунун  милдети  болуп  саналат.

Колдонмодо  берилген  ырларды пайдаланып, оюндарга  терең  маани берүү менен  ойнотуу  ийгилик  жаратат деп ойлойм.

 

 

 

 

 

 

БАЛДАР  ҮЧҮН  КООПСУЗДУКТУ  КАМСЫЗДООДО:

-Коркунучтуу  буюмдарды  баладан  алыс, байкалбаган  жерге  коюңуз

-Газета болсун,  кагаз болсун  алыс бала  жетпей турган  бийик  жерге коюңуз.

-Кооптуу нерселерди  таанып-билүүгө  үйрөтүңүз.

-Баланы  көчөгө алып  чыгарда ылайыктуу  кийимдерди  кийинтириёиз

-Баланы  сыртта  ойнотоордо сыртта курч, кооптуу  нерселердин  жок  экендигине  ишенимдүү  болуңуз.

-Бала  менен  чогуу  ойнонуз

-Балага  жакпаган  нерселерди  жасагыла  деп мажбурлабаңыз

-Балдарыёар  менен  күндө кайсы убакытта, канча убакытка  ойноого  мүмкүнчүлүгүнөр  жеткендиги боюнча  так  долбоор түзүңүз

-Бала менен  ойногондо  ага  шаңдуу  жагдай  түзүүгъ  аракет  кылып, алардын кубануусуна жагдай  түзүңүз.

-Оюндун  жыйынтыгы  үчүн  эмес  жакшы  ойнолгондугуна  кызыкдаар болуңуз.

-Баланы  ойногон  мезгилде  башкарбай  эркине  коюңуз. Ал  өзүнүн  эрки менен айлана-чөйрөнү  таанып билгилей болсун.

-Баланы  тарбиялоо  жөнүндөгү  китептер  дайыма  бала менен  жүргөнүңүздъ  жаныёызда болсун, анткени  сиз үчүн колдонмо болот.

 

ШАЙЫР  ТАМГАЛАР

«А» деген  тамга мен болом,

Ааламды бүтүн кыдырган.

«Апа», «Ата» дегенди,

Акылдуу балдар айта алган.

 

«Б» болсо баштайт баарыны,

Балмуздакты, бананды,

«Бны» айтып табабыз,

Бармак, башты, баланы.

 

«Г» тамгасын колдонуп,

Гүлдү тарта аламын.

Горилланы көргөндө,

Газетадан тан калдым.

 

Дарбыз беле биз жеген,

Дарыя эле ат кечкен.

«Д» тамгасы башында,

 

Жарык жанган жылдызга

Жакын барып келсем дейм,

Жаркыраган нурларын,

Жерге алып келсем дейм.

 

Зыгыр  майын алышкан,

Зооттехник Замира

Зобололуу көрсөтүү,

Заңгыраган «Замана»

 

Исхак, Иляз чогулуп,

Иш баштады ишембиде.

Ийгиликти каалады,

Имар ага иштериге

 

Камар  келип капыстан,

Коенекти коркутту,

Көрүп калган күчүгү.

Камарды жетип чоочутту.

 

Лайликанды  үйүндө,

Лилия  гүл өсүптүр.

Лола, Ландыш гүлдөрүн.

Лайли артык корүптүр.

 

Манты жасап апасы,

Маркабайды чакырды.

Майлуу манты жедим деп

Маркабай бүт мактанды.

 

Надыр менен Нарынбек

Нарын жакка бет алды.

Насыр күтүп аларды,

“Нарын” тамак жасатты

 

 

Ороз келди кадамдап,

Он дегенде токтоду.

Он биринчи кадамын,

Ойлонду бирок койбоду.

 

Өнөр алды кызыл тил,

Өсөр көркөм сүйлөдү.

Өз көнүлүн көтөрүп,

Өктъм чүкө өкчөдү.

 

Пахта  терген  талаада,

Пая үзгөн кыз жүрөт.

Пахтанын толуп  планы,

Пахыр аба чын күлът.

 

Ракета асманга,

Расынан тез учту.

Рая менен Рысбек,

Рахмат айтып турушту.

 

Самаранын  апасы,

Сагынганын айтты эле,

Сабыры  суз Самара.

Саламдашты жарк эте

 

Түр кагаздан Токтокан,

Турдүү гүлдър жасады.

Танынакай гүлдөрүн,

Тандап бирден тактады.

 

Улуш менен Упагүл,

Уй фермада саанчы.

Урмат сыйды алууга.

Уйларды бүт саашты.

 

Фабрикада кондитер,

«Фунтик» торту жасалат.

Фабриканы башынан.

Фарида эжей башкарат.

 

Халат кийип аппаппак,

Хирург догдур болсом дейт,

Халиданын бул тилегин,

Халил ата билсем дейт.

 

Цемент деген сөз башы

«Ц» менен башталат.

Циркуль болсо өтө тез

Тегеректи сыза алат

 

Чолпонбайдын атасы,

Чынар терек өстүрдү

Чытырман токой болсо деп,

Чынардан көчөт өндүрдү.

 

Шарап менен Шарапат

Шар үйлъштү жарышып.

Шаан-шъкът орнотуп,

Шандуу майрам табышып.

 

Ырыс эже ышкырды.

Ынтымактуу балдарга.

Ыса келди биринчи.

Ынтылганча маарага.

 

 

ЫНТЫМАКТУУ  САНДАР

 

“0” санымын орду жок.

Бирок маним өтө чоң.

Мен болбосом чоң сандар,

Аталышпайт орду жок.

 

«1» деген  сан боломун,

Катардагы  биринчи.

Санаганда  дайыма,

Алдыдамын көрүңчү.

 

“2” саны мен элем,

Биринчиден кийинки.

Эки жашка  чыкканда,

Жыя алдым эсимди

 

“3” деген сан мен болом,

Ортодогу тегиз сан.

Мени болсо мектепте,

Коп окучу алышкан.

 

“4” деген сан мына мен.

Төрттү көптөр жактырат.

Жакшы баа деп бүт балдар.

Күндълүккө бастырат.

 

“5” деген сан мен мына.

Сулуумун эл суктанган

Баары мени мактанышып.

Түшүрүшпөйт сумкадан.

 

“6” деген катарды

Толуктаган мен болом.

6 саны манжадан

Ашып кеткен сан болом.

 

“7” деген койкойгон

Кърктүү эсеп өзүммүн.

7 өлчөп кесишет,

Чечим үчүн көрктүүмүн.

 

“8” болсо мен болом.

Апаларга жакын сан.

Ажарлуу деп аялдар.

Ар жыл сайын макташкан.

 

“9” саны мен элем.

Улуулардын биримин.

Тоого чыксан бийиктен,

Тартып алар өзүммүн.

 

 

 

 

ОЮНДАР

Манжалардагы  куурчактар

Манжалардагы  куурчактарды  жасоо  үчүн, манжалуу  мээлейди  алыңыз.  Манжаларынын  баштарын  кыркып  алып, ага  сулуу кылып көз, мурун,  ооз тигип  чыгыңыз.  Аларга  ат коюп,  ылайыктуу  жомокторду  ойлоп  таап  же  пайдаланып  балдарга  көргөзмөлүү  сабак  өтсөңүз болот.  Манжаларга  кийген  куурчактарды  колдун  учунда  пайдаланууда  ар кыл  кыймылдарды  жасатса  ыңгайлуу жана  бала  үчүн манжалар менен  иштөө  ынгайлуу.  Мүмкүн болсо балдардын  өздөрүнүн  манжаларына  кийгизип, аларды  кызыктырсаңыз  өнүгүү үчүн  жол ачып жатканыңыз.

 

Манжалардын кыймылы

Манжаларды  кыймылдатуу  аркылуу  эрте  курактагы наристелердин  сүйлөөгө  болгон  жөндөмдүүлүгүн  арттырууга  болот.  Ар  бир  тарбиялоочу  баласын  алдында  отургузуп  алып,  же  бакчадагы балдарга  тарбиячысы бул  оюнду  ойноого  үйрөтсө болот. Колдун  манжаларынын  эн  кичинесинен  баштайт.

-Тим, там, тум, том, 

А мунусу эң чоң,- деп манжаларын  кезек менен  көтөрүп, эң чоңун акырында  көтөрүп  кайталоо аркылуу,  балдардын  өздөрүнү  бул  көнүгүүнү  жасатса балат.

Манжалардын  кезегин  тааныштырса да болот. Балдарга кошо  сүйлөтүүгө  аракет кылуу менен кичине манжаны  тааныштырса болот.

Кенжесин кара  шыкаалап,

Анын аты  чыпалак.

 

Андан чоңу ким болот,

Айтышат экен «Аты жок»

 

Ортодогун ойлон,

Аты анын «Ортон»

 

Улуунун бири өңчөй,

Аты болот «Сөөмөй»

 

Чоёу болсо “Баш бармак”

Ал баарыны башкарат- деген  сыяктуу  ырларды  дагы башка  өз  чыгармачылыгына  жараша  тарбиялоочу  кайталоо аркылуу  балага  үйрөтөт жана өнүктүрөт.

 

 

Сыйкырдуу  күзгү

Күзгүнү  баланын  алдына  коюу аркылуу да  ойнотууга, сүйлөтүүгө негизгиси  кайталап тууруу  аркылуу да  өнүктүрүүгө болот.

Балага  күзгүнү  көрсөтүп ага  башын жана баш  органдарын  көрсөтүп  тааныштырса болот. Күзгүнү  караган баланын  башын, чач, көз, ооз, мурдун, тилин, тишин, кулагын ар бир  органын  карматуу аркылуу ырдап  тааныштырса кызыктуу болот.

Мына бул менин башым,

Башымда өскөн чачым.

Көздөрүм бар экөө ал,

А булар менин кашым.

 

Бул болсо менин мурдум,

А мунусу оозум,

Тиштерим анан тилим бар,

Кулагым угат  сонун,-  деп ар бир органын  карматуу менен ырдап балага    органдарын  тааныштырып  эле калбастан  сүйлөө  речин  да өнүктүрүүгө мүмкүн. Ошол  эле  учурда  көздөрдү  ирмелөө  менен, тилдерди  чыгарып  ары  бери   кыймылдатып, ооз, эриндерди ар кыл  формага келтирүү аркылуу  аларды   кайталап тууроого  жетиштириңиз. Бул анын тилинин  өсүшү  тура  сүйлөөсүн  калыптандырарын  унутпаңыз.

 

Үндъшмъ

Телфондорду  пайдалануу  аркылуу  баланы  сүйлъъгъ, ар кыл  манераларды,  кыймылдарды  жасоого үйрътсъ болот. Баланын  колуна  телефонду  карматып  коюп, анан тарбиялоочу ъз  телефону  менен  сүйлъшүүсү  керек.  Ал  сүйлъшкъндъ  күлүп, ар кыл манера  жасап,  кыймылдап  сүйлъшүүгъ  аракеттенсин  жана  бала  ага толук къңүл буруп  берилгидей жагдай  түзсүн. Тарбиялоочунун  жасаганын  бала   съзсүз  кайталаганга  аракетт  жасаары  байкалат. Анан  манера, кыймылдарын кайталап  отуруп, сүйлъъгъ да  далалат  кылат. Ар бир  көнүгүүлөр  3-5 минутадан ашпаган  убакыттагы  процесс катары  өткөрүлүшү  керек. Антпесе, баланы  тажатып  чарчатып аларыңыз толук  мүмкүн.

 

Кайда эмне турат?

Балага  «кайда  эмне  турат?»  деген  суроону  тез-тез  берип, эске  тутуусун өнүктүрүүгъ аракет  кылыныз. Мисалы: «сенин  оюнчугуң кайда?», «Апаңдын сумкасы кайсы?», «Сенин жаздыгың кайсы?»,  «Сенин  кроватың кайсы?» деген  сыяктуу  суроолорду  бериңиз. Анан  бала  кичинекей болсо ал айтылган  буюмдар  жакты  карайт. Анда  ошол  бала караган жакка  барып, сурооңузду  бышыктаңыз. «Бул  сенин  оюнчугуң»,  «Бул  апандын сумкасы» дегендей  бала  сүйлөй баштаганда же  баса  баштаганда  өзү  барып  көрсөткөндөй болууга  үйрөтүңүз.

 

Чоң жана кичине

Балага  чоң жана  кичине  деген  түшүнүк наристе  курагынан  калыптануусуна  жетишсе  болот. Балага бир түрдүү буюмду алдына  коюп, алардын  бири чоң, бири  кичине  болуусуна көңүл буруңуз. Мисалы:  чоң кичине окшош топтор, мискейлер, үй буюмдарынан  катуу эмес кашыктар ж.б. Бала  көбүнчө  кичинеге  кызыгат.  Чоңу  чоң адамга  ылайыктуу, кичинеси  сага  анткени  сен  кичинесин  деген  түшүнүктүү  калыптандыруу  үчүн «бул кичине  сеники, бул чоңу меники» деп  кайталоо аркылуу  ажырымдатыныз. Ал  баланын чоё-кичине  түшүнүгүн  алгачкы катыптануусуна сөзсүз жардам берет.

 

Чачылганды топтоо

Бир топ   оюнчуктарды  баланын  алдында  төгүп  салыңыз. Ал төгүлгөн оюнчуктарды карап  балаңыз  дароо  ошого  умтулат.  Каробканы  жанына  коюп  коюнуз жана  чачылган  оюнчуктарды  жыйноону баштаңыз. Ал  сизди  сөзсүз кайталайт. Анын  натыйжасы  үчүн  кызыкпаңыз. Негизгиси  бала  жыйноого  аракет  кылгандыгына маани  бериңиз. Бул  көнүгүүнү 3-5 минута ичинде  кайталап койсоңуз ал да  бала  үчүн  къндүм катары калыптанат.

 

Асфальтка  сүрөт тартуу

Керектүү  буюмдар:

— коопсуз  (пластмасса) чака

— чоё щетка

— губка

— суу

Баланы  чоң кисти  щеткасын  кармай  алууга  жана  чоң  көлөмдүү  сүрөттү  тартууга  багыт  берүү каана  ичинде отуруп барак  калем кармоодон жеңилирээк болору  мүмкүн. Андактан бала  менен  сыртта  сүрөт  тартууга  атайын  жумасына  эки-үч  жолу  убакыт  бөлүү  керек.  Балага  биринчи  көргөзмө  катары  өзүңүз иштеп  көрсөтүп бересиз. Анан баланын  аракетин  үзгүлтүксүз  көзөмөлдөйсүз. Ар  бири  өз  шыгы,  жөндөмүнө ылайык сүрөттү тартат. Ар бир  кайталоо  аркылуу баланын  шыгы, жъндъмү курчуйт. Балдардын  сырта  иштөөгө болгон  кызыгуусу артат.

 

Матаева Гүлжан Жунусовна

БатМУ, Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун окутуучусу, педагогика факультети

 

0

Автор публикации

не в сети 2 месяца

admin

0
Комментарии: 0Публикации: 706Регистрация: 13-01-2020

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *